2015-жылы террордук актыны даярдаган, эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

Эл аралык террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюуу боюнча жүргүзүлгөн контртеррористик иш-чаралардын алкагында, Бишкек шаарында мурда издөөдө жүргө,н тыюу салынган уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалган адам ЭТУнун мүчөсү болгон жана ал 2015-жылы жайында Бишкектеги атайын операциянын жүрүшүндө качып кутулуп, андан кийин жашыруун терросттик уюмдардын курамында жүрүп, өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн.

Тергөөдөгү кылмыш иштеринин алкагында аталган адам кармалып УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө иш-чаралары улантылып жатат.