«21, 22 жаштагы кыздар». Жалал-Абадда сойкулук менен алектенип жүргөндөр аныкталды

Жалал-Абадда интернет жана социалдык тармактар аркылуу жарнама кылып, сойкулук менен алектенгендер аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө шаар аймагында жаран сойкулук менен алектенип, ыплас аракеттерге көмөктөшүп, сутенердук кылуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруп жатат деген маалымат келип түшкөн. Бул факты боюнча топтолгон материал Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Катталган кылмыш иши боюнча милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттердин натыйжасында интернет жана социалдык тармактар аркылуу жарнама кылып, сойкулук менен алектенип жүргөн кыздар аныкталган.

Алар Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин батирин ижарага алып, иштеп жүрүшкөндүгү белгилүү болгон. Ал жайга тинтүү жүргүзүлүп, Чүй облусунун 2001-жылы туулган тургуну, көп жылдан бери өзүн транс катары алып жүргөн жаран жана Ысык-Көл облусунун тургуну 2002-жылы туулган кыз сойкулук менен иштеп жаткандыгы аныкталды. Тинтүү учурунда контролдук сатып алууда берилген 2 даана 1000 сомдук акча каражаты жана 1 коробка презерватив далил буюм катары алынган. Учурда бул факты боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.