22 жаштагы кыргызстандык кыз Орусияда героин менен кармалды

иллюстрация

Орусиянын Одинцово шаардык округунда 22 жаштагы Кыргыз жараны (кыз киши) баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн ИИМ сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, кыздын жанынан баштыкка салынган 110 грамм баңгизат табылып, экспертизадан анын героин экени аныкталды. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.