«22 миң долларды өзүнө ыйгарып алган». Каржылык көзөмөл кызматынын статс-катчысы кармалды

УКМК тарабынан Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын статс-катчысынын кызматтык абалынан пайдаланганы аныкталган. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кызматкерден алдамчылык аракеттеринин фактылары аныкталып, арыз ээсинин материалынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) кылмыш курамы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. 2020-жылдын октябрында кызматкер ишеним менен жарандардын бирине компаниянын өзүнүн жетекчилиги астында өткөрүлгөн товарларды жана кызматтарды сатып алуу боюнча тендерге катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү шылтоосу менен 22 миң 700 доллар өлчөмүндөгү каражаттарды өзүнө ыйгарып алган. Мунун менен катар, ал көрсөтүлгөн каржылык колдоо үчүн арыз ээсине мамлекеттик кызматка орношууда ар тараптуу жардам көрсөтөт. Ал бюджеттик каражаттардын эсебинен чет өлкөгө тез-тез иш сапарларын камсыз кылат.

Мындан тышкары, шектүүнүн кызматтык бөлмөсүнө жана жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү учурунда, документтерди жасалмалоо максатында колдонулган ар кандай мамлекеттик органдардын жана коммерциялык структуралардын мөөрлөрүн, ошондой эле товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жасалма белгилери менен жеткирүү боюнча келишимдер табылып алынган.