«23 адам жабыркап, 2 адам мерт кетти». Ысык-Көлдө дагы бир үрөй учурган кырсык катталды

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 2 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.
— Бүгүн, 3-августта саат 7:40 чамаларында Балыкчы –Ананьево – Каракол унаа жолунун 24-чакырымында Mercedes-Benz Sprinter жана Mitsubishi үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.
Кырсык болгон жерге Балыкчы шаарынын №19 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.
Жол кырсыгында жалпы 23 адам кырсыкка учурап, жаракат алган 3 адам Балыкчы шаарынын ооруканасына жеткирилген. Жеринде каза болгон эки адамдын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине куткаруучулар өткөрүп беришкен.