230 миң сомдук эки алтын чынжырды уурдоого шектүү аял киши кармалды

Кызыл-Кыя шаарынын 42 жаштагы тургуну “Таштемир ажы” соода базарынын ичинде орун алган алтын саткан дүкөнүнөн белгисиз адамдар тарабынан жалпы баасы 230 миң сом болгон эки алтын чынжыры уурдалып кеткендигин билдирип, арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан маалымдашты.
Бул арыз Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурулук) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, кылмыштын изи сууй электе Ош облусунун Ноокат районунун 34 жаштагы У.Д. (аял киши) аттуу тургуну аныкталып кармалды. Уурдалган буюм өз ээсине кайтарылып, учурда тергөө иштери уланууда.