«Жаш келин ээрчитип кеткен». Балыкчыда дайынсыз болуп жаткан 6 жаштагы кыз Чүйдөн табылды

Балыкчы шаарында 6 жашар кыз дайынсыз болуп жаткан. Милиция кызматкерлери кызды Чүй облусунан табышты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Балыкчы ШИИБге Чүй облусунун Ново-Покровка айылынын 30 жашар тургуну кайрылып, анын 6 жашар кызы дайынсыз болуп жатканын билдирген.  Арыз ээсинин айтымында, ал Балыкчы шаарында жашаган 41 жаштагы жарандык күйөөсүнө келген. Анын келиши спирт ичимдиктерин ичүү менен уланган. Бир топ кызып калганда, үйгө мейман катары келген Кристина (аты өзгөртүлдү) аттуу келин анын кызын белгисиз тарапка алып кетип, ушул күнгө чейин дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Аталган арыз Балыкчы ШИИБге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тергөө ыкчам иштеринин жүрүшүндө кызды алып кеткен келин аныкталган. Ал туруктуу жашаган жери жок, 24 жаштагы жаран болуп чыккан. Издөө иштери уланып, кызды өзү менен алып кеткен келиндин болжолдуу Чүй облусунун Спартак айылында жүргөнү аныкталган. Балыкчы ШИИБдин жана Чүй облусунун Москва РИИБдин милиция кызматкерлери айылды кыдырып жүрүп, дайынсыз жоголгон кыздын айылдын үйлөрүнүн биринде табышкан. Дайынсыз болуп изделип жаткан кыз энесине аман-эсен милиция кызматкерлери тарабынан өткөрүп берилди. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүүдө.