«24 жаштагы кызды төрт күн кармашкан». Ысык-Көлдө зордуктоо боюнча экинчи шектүү кармалды

Социалдык тармактарда «2-топтогу майыптыгы бар сиңдимди эки киши уурдап барып, 4 күн бою зордуктап, ур-токмокко алыптыр» деген жарандын кайрылуусу жарыяланып жатат. Андагы маалыматтарга караганда, кылмыш Ысык-Көл облусунун Түп районунда болгон. «Анын мээси чайкалган, буту сынган, денесинде соо жери жок. Сиңдибизди өзүбүз таптык. Кармаганда кишилер мас абалында болгон», — деп жазылат маалыматта.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги окуя боюнча Ысык-Көл ОИИБге кайрылганыбызда, зордуктоо беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөрдүн бири болгон 1993-жылы туулган жаран кармалганын билдиришкен. 

Бүгүн, 5-августта редакция милицияга экинчи шектүү тууралуу маалымат сурап кайрылганыбызда, ал да тергөөгө жеткирилгенин билдиришти. «2-августта Түп РИИБге Каракол шаарынын тургуну кайрылып, анын 24 жаштагы кызын 2 жаран зордуктаганын айтып, арыз менен кайрылган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1988 жана 1993-жылы туулган жарандар аныкталып, экөө тең Түп РИИБге жеткирилди. Териштирүү уланууда», — дешти.