25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмү. Жолдошуна сот өкүмү чыкты

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча өкүм чыгарды.

Маалыматка караганда, анын жолдошу Кылмыш жаза кодексинин 128-беренеси менен күнөөлүү деп табылган. Ал 5 жылга эркиндигинен ажыратылган. Бирок Кылмыш жаза кодексинин 82-беренесинин негизинде 3 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонулган.