25 жаштагы кыз чөнтөгүнө баңгизат салып кетишкенин билдирди. Шектүү кармалды

Бишкек шаарында Милициянын кайгуул кызматкерлери жанына баңгизат алып жүргөн жаранды кармашты.

Милициянын кайгуул кызматы билдиргендей, кечээ, 5-февралда болжол менен саат 6:17 чамасында Бишкек ШИИББдин «102» кызматына Элебесов жана Витебск көчөлөрүнүн кесилишиндеги кыз киши жардам сурап кайрылган.

Айтылган дарекке Бишкек ШИИББдин кайгуул кызматкерлери барганда 1996-жылы туулган А.Ж. аттуу кыз белгисиз жаран чөнтөгүнө целлофанга оролгон, көчкул түстөгү, өзгөчө жыты бар бир нерсени салып койгонун кабарлаган.

Текшерүү учурунда арыз ээсинин чөнтөгүнөн салмагы 18,6 грамм болгон кара куурай табылган.

Кайгуул кызматкерлери шектүү катары 1991-жылы туулган А.У. аттуу жаранды кармап, аны жана арыз ээсин Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Бул факт Свердлов РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүүдө.