250 миң доллар талап кылган делген активисттерди кармоо учурундагы видео жарыяланды

УКМК 250 миң доллар талап кылган делген активисттерди кармоо учурундагы видеону жарыялады.

Буга чейин УКМК «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылууга шектелип, эки активист кармалганы тууралуу маалымат тараткан. Бул боюнча бир канча жалпыга маалымдоо каражаттары өздүк булактарына таянуу менен, кармалган жарандар – коомдук активисттер Мелис Аспеков менен Улан Жураев экенин жазышууда.

Мелис Аспеков социалдык тармактагы баракчасына президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Чүй облустук штабын жетектей турганын жазган. Ошондой эле Жапаров уюштурган маалымат жыйындарда аны коштоп жүргөн. Бирок декабрь айынын соңунда Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощин Мелис Аспеков менен Төрөхан Жунусбеков Садыр Жапаровдун шайлоо кампаниясынын атынан билдирүүлөрдү жасап жатканын белгилеп, мындай укук аларга берилбегенин айткан жана алардын үстүнөн БШКга арыз жазган.