250 миң доллар талап кылуу. Айыпталгандардын бири ага кол салуу болгонун билдирди

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда пара талап кылган деп айыпталган жарандык активист Мелис Аспековго карата кылмыш иши каралууда. 

Соттук отурумдун жүрүшүндө сот бул иш боюнча соттолгон Улан Жураевди күбө катары суракка алды. Ал октябрь айында өмүрүнө кол салуу болгондугун билдирди. «Мага төрт жолу бычак сайылып, катуу сокку алдым. Ошондуктан, сүйлөө кыйын болуп жатат. Өлтүрүү аракети бул ишке байланыштуубу же жокпу, айта албайм. Тергөө иштери жүрүп жатат», — деди Улан Жураев.

Буга чейин УКМК «Кыргыз темир жолу» ишканасынын кызмат адамдарынын арызынын негизинде жарандык активисттер Мелис Аспеков менен Улан Жураевди кармаган. Алар Финпол аркылуу текшертебиз, ишкананын жетекчилигине каршы митинг уюштурабыз деген коркутуулар менен 250 миң доллар пара талап кылганы айтылган. Жураев бул иш боюнча күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айып пул салынган. Ал эми Аспеков бул ишти моюндаган эмес.