250 миң доллар талап кылууга шектелип кармалган Улан Жураев үй камагына чыгарылды

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылууга шектелип кармалган жарандык активист Улан Жураев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал тергөө менен кызматташуу келишимине кол койгон. Жураев 9-мартка чейин үй камагында болот.

Ал эми ушул эле иште эле шектүү катары кармалган жарандык активист Мелис Аспеков камакта.

Улан Жураев менен Мелис Аспеков акча талап кылууга шектелип, УКМК тарабынан 8-январда кармалган эле.