26 жаштагы жарандын 13 жаштагы кыз менен жыныстык катнашка барышы. Милиция тергөөнүн жүрүшүнө нааразы тарап көзөмөл органдарына кайрылса болорун айтты

Буга чейин СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине «Сезим» борборунан Кара-Көл шаарында 26 жаштагы жаран 13 жаштагы кыз менен жыныстык катнашка барып жүргөнүн айтышкан. Алар шектүү эч жакка кетпөө боюнча тил кат менен бошотулганын, кыз тарапка акча берип, кыздын ата-энеси, туугандары менен сүйлөшүп, 13 жаштагы кызга сөйкө салууну сунуштап жатышканын маалымдашкан.

Окуя боюнча редакцияга Жалал-Абад ОИИБден маалымат беришип, кылмыш иши козголгонун, шектүү суракка алынганын билдиришти.

«20-июлда «13 жаштагы неберемди зордуктап жүрүптүр» деген маанидеги арыз менен жаш өспүрүмдүн чон энеси чара көрүү үчүн Кара-Көл шаардык милицияга кайрылган. Арыз Кара-Көл ШИИБге катталып, Кылмыш жаза кодексинин 157-беренесинин негизинде (он алты жашка толо элек менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) сотко чейинки өндүрүш ши ачылган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн өздүгү такталган жана тиешелүү жарандар суракка алынган. Ошондой эле зарыл болгон соттук-психиатриялык жана соттук-биологиялык экспертизалар дайындалып, жыйынтыктары алынган. Учурда тергөө тарабынан толук кандуу текшерүү жана окуяны далилдөө иштери мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте жүрүп жатат. Белгилеп кетүүчү жагдай, азыркы убакытка карата шектүүгө карата эч кандай баш коргоо чарасы карала элек. Эгер тергөөнүн жүрүшүнө нааразы тарап болсо, тиешелүү көзөмөлдөөчү органдарга кайрылсаныздар болорун эскертебиз»,- дешти облустук милициядан.