27 жаштагы келин: «Кош бойлуу экениме карабай жолдошум жылаңачтап, кошуналардын көзүнчө сабады»

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абадга турмушка чыккан 1997-жылы туулган К.к.А. кайрылып, жолдошу тарабынан сабалганын, милиция жолдошун кармабай жатканына байланыштуу коркуп жатканын билдирди.

“Турмушка чыкканыма 1,5 ай болду. Экинчи турмушум. Жолдошум экөөбүздүн ортобузда түшүнбөстүктөр буга чейин болуп келген. 8-августта туулган күнүм болгонуна байланыштуу соцтармакка сүрөт, видео жарыялагам. Ошондон уруш башталды. Мен үйүмө кетем деп кийим чогултуп баштагам. “Сенин кеткиң барбы?” деп сабап салды. Кийимдеримдин баары айрылды. Кошуналар милиция чакырышты. Алар келип, жолдошумду кармабай коюшту. Азыр мен коркуп жатам, качан алдыман чыгып, өлтүрүп кетет деп. Сабалган учурда 7 жумалык кош бойлуу болчумун. Мени жылаңач кылып, кошуналардын көзүнчө сабаганы үчүн жооп бериши керек. Мага деле азыр оңой болуп жаткан жок, ызаланып жатам», — деди келин.