28 жаштагы аял унаа менен кишини сүзүп, качып кеткен деп шектелип кармалды

Бишкекте 28 жаштагы аял унаа менен киши сүзүп кетти деп шектелип кармалды. Бул тууралуу Патрулдук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 21-январь күнү Бишкектин Үмөталиев жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жаран унаа менен эркек кишини сүзүп кетип, окуя болгон жерден качып кеткен. Кырсык кечки саат 17:00 чамасында орун алган. 1987-жылы туурган жабырлануучу жаракат алып ооруканага жеткирилген. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган А.А. аттуу аял кармалып, «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаанын ээси экени аныкталды. “Факты бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталды”,- деп айтылат маалыматта.