28 жаштагы келиндин уулу менен Индияда киши колдуу болушу. Элчилик сөөктөрдү жөнөтүү боюнча иш алып барууда

Индияда кыргызстандык 28 жаштагы кош бойлуу келин менен анын бир жашар уулунун каза болгондугу тууралуу маалыматты ТИМ тастыктап, каргашалуу окуя боюнча маалымат таратты.

Тергөөнүн версиясы боюнча, кылмыш 21-сентябрга караган түнү маркумдун курбусунун батиринде болгон. «Учурда кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, шектүүлөр Нью-Дели полициясы тарабынан суракка алынууда, кылмыштын күбөлөрүнүн чөйрөсү түзүлүп, видео камераларынын жаздыруулары изилденүүдө. Каза болгондордун Индияда жашаган туугандары аларды Кыргызстандын аймагына коюуга макул болушкан. Элчилик жүк-200дү Бишкекке жөнөтүү маселеси менен иштеп жатат. Бул маселе элчиликтин өзгөчө көзөмөлүндө», — деп айтылат маалыматта.