«3 айлык ымыркай кусундусуна тумчугуп каза болгон». Реанимацияда чарчап калган баланын иши каралбай жатканы айтылды

«Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 3 айлык ымыркай кусундусуна тумчугуп чарчап калды. Анын өлүмүнө ким жооп берет?» — деп жазган «Биринчи балдар хосписи» фондунун жетекчиси, коомдук активист Динара Аляева. Ал кыздын чарчап калган окуясы тууралуу социалдык баракчасына бөлүшкөн.

«Раичка Бишкектеги Репродукция борборунда төрөлгөн 3 эмдин бири. Төрөттөн кийин апасы өмүр менен алышып, бир күндө эки ирет операция болгон. 3-күн дегенде 1 килограмм 800 грамм салмакта төрөлгөн Раичка заара кылбай жатканын медицина персоналдары байкашкан. Ал маалда ымыркай кусуп, денеси ууланып баштаган. Ымыркай апасы менен Эне жана баланы коргоо борборуна жөнөтүлүп, ал жактан ичегисине операция жасалып, ооруканадан чыгарылган. 3 ай үйүндө салмак кошуп жакшы чоңоюп жатканда хирург дагы операция жасатуу керек деп чакырткан. Ооруканага келгенде бөлүмдө канталаларды жок кылуу үчүн иш-чаралар болуп, жабылуу болот. Реанимациянын жетекчиси ден соолугу чың баланы реанимацияга жаткыруунун зарылдыгы жок дегенине карабай хирург калтырып коёт.

9-апрель күнү атасы реанимацияга келсе, медициналык персонал кызы өлүкканада экенин айтып, эч нерсени түшүндүрбөй кирип кеткен. Кийинчерээк ата-энеси оорусунун тарых баракчасынан кызына таңкы 6да тамак беришкенин, 8:30да смена алмашып жатканда медициналык персоналдар кыздын чарчап калганын көрүшкөнүн билген. Раичка жатпаш керек болгон реанимацияда, балдардын өмүрүн сактай турган жерде кусундусуна тумчугуп чарчап калды. Буга ким күнөөлүү?

Апрель айынан бери иш бир ордунан жылган жок. Раичканын ата-энесинин айтымында, Эне жана баланы коргоо борборунун директору Гүлзат Маймерова «ал баары бир өлүп калмак» деген. Жабык реанимацияда жардамы жок канча балдар, чоң адамдар көз жумат. Азырга чейин эч ким Раичканын өлүмү боюнча жооп бере элек», — деп жазган Аляева. 

Коомдук активист реанимацияда жаткан балабы, чоң адамбы жанына караганга бир жакынын киргизүү муктаждыгын айтып президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады. «2018-жылы президенттик аппаратка бул маселе боюнча кайрылгам. Бирок катка жооп алган эмесмин. Экинчи ирет кайрылуу жасап жатам. Ата-энелер балдарын реанимацияга алып кирип кеткенде баласын 5 мүнөткө көрүп алуу үчүн эшиктин сыртында акмалап турушат. Балдар реанимациядан чыкканда көпчүлүгүнүн буту-колу оюлуп кеткенин билебиз. Анткени медициналык персоналдарда пациенттин ар бирине дыкат караганга убакыт болбойт. Андыктан бардык энелер үчүн суранабыз, реанимацияга кирүү үчүн ата-энелерге уруксат бериңиздер», — деп кошумчалаган Аляева.

3 айлык ымыркайдан өлүмү боюнча Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директорунун орун басары Болот Эсембаев СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине айтып берди.

«Биздин борборго 13-март күнү 2022-жылы туулган ымыркай туруктуу оор абалда 4-типтеги ичке ичегисинин артрезиясы, операциядан кийинки илеостомасы менен түшкөн. Ымыркай 4 айлык болсо да салмагы 3 килограммга жетпеген абалда болчу. Ага операциянын экинчи баскычы, ичегисине анастомоз коюу керектелген. Кечинде ымыркайдын абалы начарлап, реанимациялык иш-чаралар жүргүзүлгөнүнө карабай чарчап калган.  Аталган факты боюнча окуя катталган апрель айында соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөн. Укук коргоо органдарына тиешелүү материалдар өткөрүлүп берилген. Азырынча жыйынтыгы келе элек», — деп билдирди Эсембаев.