«3 жаран жандандыруу бөлүмүндө». Бишкекте сүзүшкөн эки унаанын бири сүрүлүп барып, 5 адамды сүзгөн (видео)

Бишкекте Хонда Фит унаасы БМВ менен сүзүшүп, унаа андан ары сүрүлүп барып, 5 жөө жүргүнчүнү сүзгөн. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

«Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа Патриса Лумумба көчөсү менен бара жатып, Волкова көчөсүнө жетпей БМВ үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. БМВ үлгүсүндөгү унаа андан ары сүрүлүп барып, 5 жөө жүргүнчүнү сүзгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 3 жаран жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Азыркы учурда унаалар убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда»,— дешти милициядан.