«3 жолу бычак сайылган». Кара-Балтада киши колдуу болгон 27 жаштагы жигиттин окуясындагы жаңы жагдайлар

Кечээ, 4-апрель күнү саат 22:40 чамасында Кара-Балта шаарындагы “Алладин” караоке-кафесинде 1996-жылы туулган тургун киши колдуу болгон окуя тууралуу Чүй ОИИБ маалымат берди.

4-апрелде саат 22:40тар чамасында милицияга 30-35 жаштар чамасындагы белгисиз адамдын жансыз денеси зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөндүгү тууралуу билдирүү түшкөн. Тергөө тобу чыгып, соттук-медициналык эксперттин катышуусунда экспертиза жүргүзүү учурунда денесинен бычактан алынган 3 жаракат табылган, ошондой эле анын 1996-жылы туулган жаран экени аныкталган. Кылмыш иши козголгон. 

Кылмышка шектелип, 1991-жылы туулган жаран аныкталып, анын Пассат үлгүсүндөгү унаасы менен чек арадан өтүүнү көздөп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.  5-апрелде саат 00:30да Панфилов районунун Чалдовар айылынын постуна жетпей жогорудагы унаа токтотулуп, жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.