3 кыргызстандык Орусияда жаранды уурдап, андан акча талап кылышкан

Санкт-Петербургда үч Кыргыз жараны Өзбекстандын жаранын уурдап, коркутуп акча талап кылышкан. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Санкт-Петербург жана Ленинград облусу боюнча башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга 19 жаштагы Өзбекстандын жараны арыз менен кайрылган. Ал укук коргоо кызматкерлерине Фонтанка дарыясынын жээгинде белгисиз үч адам аны күч менен таксиге отургузуп, тапанча менен коркутуп, акча талап кылганын айткан. Корккон жигит кол салгандарга 20 миң рубль которгон.

Кылмышка шектелип, таксист болуп иштеген 29 жаштагы кыргызстандык кармалып, кийинчерээк анын дагы эки шериги камакка алынган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.