Каржы пирамидасынан 5 миңден ашуун адам 3 миллион долларга алданган

Кыргызстан менен Украинанын жарандары каржы пирамидасын уюштурган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул ишке жалпысынан 8 адамдын тиешеси бар экени такталып, алданган жарандардын саны 5 миңден ашкан. Келтирилген зыян 3 миллион долларды түзгөн. «Алар маркетингдик иш-чараларын бурмалоо жолу менен жүргүзүшүп, жарандар тарабынан салынган акча каражаттар жыл сайын 260 пайызга чейин жогорку үстөк менен кайтарылып берилери тууралуу жалган убадаларды беришип, жарандарды алдоо жолу менен алардын акча каражаттарын чогултушкан. Тергөөдө көрүлгөн чаралар менен жоопкерчилиги чектелген коомунун юристи жана кассири камакка алынды. Ал эми жогоруда аталган шектүүлөр өлкө аймагынан качып кетишкендиги такталды. Ушул себептүү, аларга карата сыртынан айып угузулуп, камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып, алар издөөгө алынды», — деп айтылат маалыматта.