«3 миллион доллар зыян келтирилген». Мамлекеттик «Эйр Кыргызстан» ишканасында коррупциялык схема аныкталды

Эсептөө палатасынын аудитору жана инспектору коррупция фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Улуттук коопсуздук органдары тарабынан акцияларынын 100 пайызы мамлекетке тиешелүү болгон «Эйр Кыргызстан» ААКта өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилген коррупциялык фактылар аныкталды. Ошол эле учурда Эсептөө палатасынын айрым кызмат адамдары аталган авиакомпаниянын жетекчилиги менен жең ичинен сүйлөшүп алышып, пландуу текшерүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекетке 3 миллион 160 миң 903 доллар өлчөмүндө зыян келтирилгендигин атайылап жашырышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган күнөөнүн төгүндөлгүс далилдерин эске алып, Эсептөө палатасынын аудитору жана инспекторуна Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча кылмыш иши козголуп, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы каралды.

Тергөө амалдары жүрүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча ишке катышкан башка жактарга да юридикалык баа берилип, алардын белгиленген кылмышты жасоого катыштыгы бар экендиги тергөө учурунда далилденмекчи.