3 миңден ашуун роза. Өзбекстандан мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду

«Ош» бажысынын кызматкерлери бажы мыйзамдарын бузуу фактысын аныктады.

11-июлунда Кыргыз жараны «А.А.А» башкаруусундагы «Mercedes Benz Sprinter 211» үлгүсүндөгү унаа каражатын текшерүүдө жүк салуу бөлүгүндө Өзбекстандан алынып келген 3240 даана роза гүлү табылган. Товар эч кандай жүк коштоочу документтери, анын ичинде бажы документтери жок болгон. Транспорт каражаты иштин бардык жагдайлары такталганга чейин кармалып, «БИ МИ» УСКга жооптуу сактоого өткөрүлүп берилген. Кыргыз Республикасынын Соода өнөр-жай палатасынын корутундусуна ылайык кармалган товардын орточо базар баасы 156 миң 600 сомду түзгөн.

Факты катталып, чогултулган материалдар Ош облустук прокуратурасына укуктук баа берүү үчүн өткөрүп берилди.