«30 миң сомдук шакегин талап кылган». Бишкекте кайгуул кызматкери кармалды

Бишкек шаардык прокуратурасы ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек ШИИБдин патрулдук милиция башкармалыгын кызматкерин пара алып жаткан жеринен кармашты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

ИИМге жаран патрулдук милиция кызматкерине карата чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылган. Ал жогоруда аталган жарандан жол эрежесин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартпоо сунушу менен андан зергердик буюм, тактап айтканда, баасы 30 миң сомдук алтын шакегин пара түрүндө талап кылган. Шектүү кармалган. Учурда кылмышка шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы такталууда.