300-600 долларга аттестат. УКМК тарабынан бир канча мектепте коррупциялык схема аныкталды

УКМК тарабынан Москва жана Панфилов райондорунун сырттан окуган орто мектептеринде Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин жарандарына орто билими тууралуу аттестаттарды мыйзамсыз берүү боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын, Орусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары ортомчулар аркылуу аталган окуу жайлардын жетекчилигине жасалма кабыл алуулар боюнча кайрылышкандыгы, алар окуу жылында өлкөнүн аймагынан тышкары жактарда жүргөнү жана сабактарга катыша албаганы, ошондой эле мамлекеттик экзамендерди тапшырбагандары такталган. Аталган жооптуу документтерди мыйзамсыз бергени үчүн окуу жайлардын жетекчилиги 300дөн 600 долларга чейин акча каражатын алып турушкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, мекеме Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жакта жүргөн студенттерге 52 орто билими тууралуу аттестаттарды берген.

Азыркы учурда УКМК тарабынан чогултулган материалдардын негизинде тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.