300 миң сом параны кайтарып… Баткен облустук сотунун катчысы кармалды

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту (пара алуу) боюнча ири өлчөмдө (300 миң сом) акчаны кайтарып берип жаткан жеринен Баткен облустук сотунун катчысы кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан маалымдашты.

Шектүү акчаны алып, соттордо оң чечим чыгарууга көмөк көрсөтүүгө убада берген. Азыркы учурда тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.