“300дөн 1000 долларга чейин”. Бишкекте интимдик кызмат көрсөткөн кыздардын тобу кармалды

Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдиргендей, проституцияга жана бузукуулукка көмөктөшүүгө шектелген аял кармалды. Борбордук милициянын кылмыш издөө башкармалыгына жабык WhatsApp-группадагы кыздар 300дөн 1000 долларга чейинки баада интим-кызмат көрсөтүшөрү тууралуу маалымат түшкөн. Кыздар Бишкектеги премиум-отелдерде иштеп келишкен.

Бул факт КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси («Проституцияга жана бузукуулукка көмөктөшүү») боюнча катталган.

Оперативдик маалыматтарга ылайык, «Резервная» аттуу топто 60тан ашык катышуучу болгон. Топтун менеджерлери бир нече кыздар болгон, ал эми топтун түзүүчүсү алдын ала маалыматтарга караганда Кыргызстанда эмес. Топко кошуу алдын ала төлөм менен жана тааныш аркылуу гана жүргүзүлгөн. Конспирация үчүн код сөздөр жана жок болуп кала турган билдирүүлөр колдонулган.