Тоңдогу көл жээкте куураган камыштар өрттөндү (видео)

Кечээ, 9-декабрда Тоң районунун Улахол айыл аймагына караштуу Ак-Өлөң айылынын бет мандайында көл жээгиндеги кургап калган камыштардан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Мындан улам 5 өрт өчүрүүчү өрттү саат 20:50дө чектөөгө алып, 21:14тө толугу менен өчүрүштү.

Болжол менен 30 гектар кургак чөп, камыш, тикенек чөптөр өрттөнгөн. Улахол айыл аймагына караштуу Оттук айылынын 16 тургуну, Тон райондук токой чарбасынан 10 адам жана айыл өкмөттүн 2 депутаты кол шаймандары менен өрттү өчүрүүгө жардам беришкен.