34 жаштагы келиндин бычакталып өлтүрүлүшү. Сиңдиси экөөнүн акыркы сүйлөшүүсүн айтып берди

5-апрелде 34 жаштагы Рахима Айкынбаеванын сөөгү жерге берилди. Келиндин жакындары “аны мурдагы күйөөсү денесинин 27 жерине бычак сайып өлтүргөн” дешүүдө. Бишкектин Биринчи Май райондук милициясы кылмышка шектүү деп анын мурдагы жолдошун кармап, эки айга камакка алды. Келиндин артында 3 баласы калды.

«Окуя болор күнү жолдошу үйгө келип, «5 маал намаз окуп баштадым» деп менден кечирим сурап, балдарынан кечирим сураган. Аңгыча эле апамдын кан басымы көтөрүлүп кетти. Мен кан басымды өлчөөчү аппаратка кеткенде эжем балдары менен үйүнө кетиптир. Аркасынан жолдошу кетиптир. Апама дарысын берип, сүйлөшүп отургуча 1,5 сааттай өттү. Кан басымы түшпөй, ооруканага алып кеттим. Ошондо эжем менен акыркы жолу сүйлөштүм. «Рахима эже, кызымды таштап кеттим. Келип карап туруңузчу» дедим. «Макул» деген. Ооруканага жетип, «кызымды алып кеттиңерби?» деп чалсам, алып кетишкенин айтты. Кайра апам экөөбүз ооруканадан келдик. Апам «мен барбай эле коеюн, сен байкап келчи» деди. Барып эшикти тыкылдаттым. Бир канча убактан кийин эшикти ачты. Кызымдын уктап калганын айтты. Эжем ошол учурда эле башкача болчу», — деди сиңдиси.

«Мен эжемди өз колум менен жуунттум. Мыкаачы, зөөкүр экен. 2 баласы бөлмөсүнөн чыкпаптыр. Кичинекей кызы менен коркуткан окшойт, бир тарабы, колу кан экен», — деди сиңдиси.