34 жаштагы келиндин өлүмү. «Бир мүмкүнчүлүк берип көрчү» деп, кызымдын өлүмүнө себепкер болуп жатам» дейт апасы

Кечээ, 5-апрелде 34 жаштагы Рахима Айкынбаеванын сөөгү жерге берилди. Келиндин жакындары “аны мурдагы күйөөсү денесинин 27 жерине бычак сайып өлтүргөн” дешүүдө. Бишкектин Биринчи Май райондук милициясы кылмышка шектүү деп анын мурдагы жолдошун кармап, эки айга камакка алды. Келиндин артында 3 баласы калды.

«Өзү мээримдүү, дасторкону кенен, колунан келсе, ар бир адамга жакшылык кылайын деген кыз болчу. Максаттарыма жетем дечү, максаттарына жетпей өмүрү кыйылып отурат. Кызымдын арбагы тынч жатыш үчүн, балдарын эч кимге бербейм. Атасына да бербейм, кичинекейинен баккам. Энеси бергендей мээрим бергенге аракет кылам. Кичинекей багып алган кызын өзүнө каттата элек болчу. Ошону каттатууга жардам берсеңер. Ошол кызды кызымды жакшы көргөндөй, жакшы көрөйүн. Мен мындайды эч бир энеге каалабайм. 

Ага чейин кызым жолдошунан келип-кетип жүргөн. «Мен дааватка барып келдим, эми өйдө карап сүйлөбөйм, мага бир шанс бергилечи» деди. Мен кызыма бир мүмкүнчүлүк берип көрчү деп, кызымдын өлүмүнө өзүм себепкер болуп жатпайымбы. Өзүмдүн кылганымды өзүм кечире албайм. Өлтүрүп коет деп ойлогон жокмун да. Экөө өз ара сүйлөшүп алсын деп, кирбей коюп жатпайынбы»,- деди апасы ыйлап.