«35 тонна солярка Нарын дарыясына кошулган». Бишкек-Ош жолунда май ташуучу унаа жолдон чыгып, 1 адам көз жумду (видео)

Бишкек-Ош жолунда май ташуучу унаа жолдон чыгып, сайга кулап 1 адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Бишкек-Ош унаа жолунун 394-чакырымында болгон. Анда Freightliner үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып, сайга кулап түшкөн. Кырсыктын кесепетинен 1961-жылы туулган айдоочу каза болуп, жүргүнчүсү жабыркаган.

Унаада 35 тонна күйүүчү май (солярка) болгон, төгүлгөн күйүүчү май Кара-Суу дарыясы аркылуу Нарын дарыясына кошулган.

«Каза болгон адамдын жансыз денеси тез жардам кызматы аркылуу Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген. Жерине Кара-Көл шаардык №94 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып тактоо иштерин жүргүзүшкөн. Мындан сырткары ИИМ кызматкерлери, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция кызматкерлери тарабынан тиешелүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө»,- деп айтылат маалыматта.