37 миң сомдук удлинитель… Салык кызматынын төрагасынын орун басары кармалды

УКМК тарабынан коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Дүйнөлүк банктын “Салыктык башкарууну жана статистикалык системаны модернизациялоо” долбоорунун алкагында сатып алуулардагы коррупциялык фактылар боюнча, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Д.А.С кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө Мамлекеттик салык кызматынын кызмат адамдары жана башка кызыкдар жактар тарабынан 4 миллион 878 миң 894 доллар суммасында товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулар жүргүзүлүп, анда компьютердик техниканын, тармактык жабдуулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым позицияларынын наркы жүздөгөн эсеге жогорулаган. Маселен, 421 долларга (37 миң сомго) туташтыргычтары бар кадимки электр узарткыч (удлинитель) сатып алынган. Баасы 20 сомдон ашпаган туташтыргыч (коннектор) 11 долларга (960 сом) сатып алынган. Ошондой эле, 207 долларга (18 миң сомго) болжол менен 3500 сомдук кеңсе отургучу алынган. Алсак, Финансы министрлигинин Ички аудит кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке 1 миллион 267 миң 668  доллар (110 миллион сомдон ашык) өлчөмүндө ашыкча баалоо түрүндөгү зыян аныкталган.

Эл аралык донорлор тарабынан республикада өнөр жайларды өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражаттар мамлекеттик кызматкерлер тарабынан көптөн бери уурдалып, долбоорлор талаптагыдай ишке ашпай келген. Мындай жагдай мамлекеттик бюджеттен төлөнүүчү Кыргыз Республикасынын тышкы карызынын өлчөмүнүн негизсиз көбөйүшүнө алып келет жана өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө орду толгус зыян келтирет. Учурда УКМК тарабынан аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын жана кызыкдар тараптарды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.