Лейлекте катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, жол жабылды
Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, Раззаков-Андарак-Көк-Таш жана Самат-Замбуруч-Жаркыштак унаа жолдору убактылуу жабылды. Бул тууралуу...
Бүгүн өрт кырсыгынан 25 жаштагы аял жана анын үч баласы каза тапканы тууралуу маалымат тарады. Каргашалуу кырсык кечээ, 13-декабрда Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылындагы сарайлардын жанында курулган үйдө катталган. Өрт толугу менен алты сааттан кийин гана өчүрүлгөн. Аял 25 жашта, ал эми балдары 3, 4 жана 6 жашта болгон. Үй-бүлөнүн кожоюну, балдардын атасы кырсык болгон күнү унаа базарга кеткени маалым болду. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, бул окуяга шектүү катары 21 жаштагы жаран кармалды.
SUPER TV өрт катталган жерге барганыбызда, ал жайдын ээлери видеого тартууга каршы болушту.
Өрттөнүп кеткен кашар тууралуу Ысык-Ата районунун Логвиненко айылынын башчысы Ногойбек Самтыров: “Бул менчик жер. Мурда Аскар Салымбековго тиешелүү жер тилкеси болчу, азыр кимдики экендиги тууралуу так маалымат жок. Өрттөнүп кеткен кашарда Данияр деген көлдүк жигит жубайы жана 2 баласы менен жашачу. Бизге жеткен маалыматтар боюнча өрт от жагуудагы кокустуктан улам келип чыккан”, — деди.
Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бул окуянын чоо-жайын мындайча айтып беришти: “Эне сыртта болгон, ал балдарын куткарам деп үйгө кирген бойдон кайра чыга албай калган».
Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, Раззаков-Андарак-Көк-Таш жана Самат-Замбуруч-Жаркыштак унаа жолдору убактылуу жабылды. Бул тууралуу...
Кечээ, 10-май күнү саат 22:30 чамасында Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунун 364-чакырымында жер көчкү жылып, унаа өтүүчү...
Алдын ала маалымат боюнча, кечээ, 10-май күнү саат 18:00 чамасында жааган жамгырдан улам Лейлек районунун Раззаков шаары, Сумбула, Ак-Суу айыл...
Нарындын Ат-Башы районунда катуу шамал болду. Алдын ала маалыматта район аймагында түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 24, Нарын жана Ак-Талаа...
УКМК тарабынан энергетика тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу жана өлкөдөгү электр энергиясынын олуттуу тартыштыгын эске алуу менен жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында,...
Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.
Куренкеев көчөсү, 180.
Реклама бөлүмү
+996 (312) 88-29-29
+996 (222)
88-29-29
reklama@supertv.kg
©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.