Дээрлик миллион долларга бааланган үй-жайы бар… Алмамбет Салиевдин декларацияда көрсөтпөгөн мүлктөрү (тизме)

Президенттин аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиев менен байланышкан адамдарга катталган кыймылсыз мүлк 900 миң долларга (76 миллион сомдон ашуун) бааланат. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда АКИpress агенттиги өздүк булактарына таянуу менен жазып чыкты.

Алмамбет Салиев 16-июнда мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган жана 2 айга УКМКнын абагына камакка алынган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, Салиев мүлктөрүн тастыкталган киреше булагы жок туугандарына жана байланыштагы адамдарга каттап койгон. Алдын ала маалыматка караганда, Салиев бир тууганынын күйөөсүнө Бишкек шаарындагы төмөнкү кыймылсыз мүлктөрдү каттаган:

— Ч.Айтматов проспектисиндеги №91 үйдөгү квартира. Ал жакта Салиев өзү жашайт;

— Элебаев көчөсүндөгү бүтө элек объект (паркинг);

— бүтө элек объект — Элебаев көчөсүндөгү унаа токтотуучу жай;

— Элебаев көчөсүндөгү №2 көп кабаттуу үйдөгү квартира;

— Элебаев көчөсүндөгү №2 көп кабаттуу үйдөгү дагы бир квартира.

Ошондой эле Салиевдин аялынын эжесине Матросов көчөсүндөгү турак үй катталган (наабайкана).

Андан тышкары «Астра Плюс» ЖЧКсы Ош шаарында көп кабаттуу үй куруп жатканда Салиев инисинин жубайы аркылуу Навои көчөсүндөгү «Датка» турак жай комплексинин курулушуна катышуу жөнүндө келишим түзгөн. Тактап айтканда, 50 миллион 247 миң сомго бааланган офистер үчүн ыңгайлашкан 844,5 чарчы метр аянтты сатып алган. 2016-2020-жылдардагы кирешелер жөнүндө декларацияларда Салиев иштеген жеринен гана киреше аларын көрсөткөн. Ошондой эле жылкы, ири мүйүздүү жана кичи мүйүздүү малдан түшкөн кошумча киреше булагы бар болчу. Ага ылайык, Салиев 2016-жылы 137 миң сом, 2017-жылы 1 миллион 116 миң 286 сом, 2018-жылы 2 миллион 672 миң сом, 2019-жылы 1 миллион 910 миң сом, 2020-жылы 2 миллион 358 миң сом киреше тапкан. Башкача айтканда, 2016-2020-жылдардагы жалпы кирешеси 8 миллион 195 миң 939 сомду түзгөн.