40 килограмм сымапты 8 миң долларга сатмак болгон жаран кармалды

УКМК тарабынан уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 1967-жылы туулган кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жеке адамдар сымаптын ири партиясын Баткен облусунан Бишкек шаарына сатуу максатында ташып келүүнү пландап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө, Чүй облусунун Жайыл районундагы Төө-Ашуу ашуусунда жарандын унаасын тинтүү учурунда 40 килограмм сымап табылып, кармалган. Ал аны Бишкек шаарына 8 миң долларга сатууну пландаган.

Учурда аталган факты боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары, анын ичинде уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.