«40 миллион сомдон ашык зыян келтирген». Улуттук госпиталдын башкы дарыгери кармалды

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын башкы дарыгери М.Т.И. аттуу жаранга кылмыш иши козголду. Бул кылмыш ишинин алкагында аталган шектүү Калктын социалдык жактан аярлуу катмарына биринчи кезекте зыян келтирилип, алардын укуктарын чектеген жана жеңилдиктерди алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан ар кандай коррупциялык схемалар түзгөн (үзгүлтүксүз опузалоо, тендер өткөрүүдө акчаны кайтарып алуу, тыгыз жеткирүүчүлөрдөн жогорулатылган баада мамлекеттик сатып алуулар, дары-дармектерди жасалма эсептен чыгаруу дары-дармектер жана квалификациялуу медициналык жардамдар кирет). Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында медицина кызматкерлеринен акча талап кылуу боюнча 20дан ашык фактылар катталган. Башкы дарыгер практикалык дарыгер болуп туруп, жеке кызыкчылыгын көздөп, бөлүм башчыларына жана дарыгерлерге адам чыдагыс шарттарды түзүп, бейтаптардан системалуу түрдө акча алууга жана ага акча которууга мыйзамсыз мажбурлап, ошондой эле бир жолку реквизицияларды жүргүзгөн.

Мыйзамсыз киреше алуу жана жеке баюу боюнча анын ишмердигинин дагы бир өңүтү мамлекеттик сатып алуулар болгон. Тактап айтканда, финансылык-чарбалык иштин аудити айрым медициналык багыттагы буюмдарды ашыкча сатып алуу жана кымбат баалуу дары-дармектерди эсептен чыгаруу фактыларынын бар экендигин көрсөттү. Мисалы, 2022-жылдын октябрь айында иммуномодуляциялоочу дары-дармектерди (төмөн жана жогорку дозада интерферон, окрелизумаб жана ритуксимаб) жеткирүү боюнча тендердин жыйынтыгы боюнча жеңүүчү компания ашыкча баада жеткирилген, анын натыйжасында бюджет 36 миллион 205 миң 791 сом зыян тарткан. Мындан тышкары, 2022-жылдын май айында дары-дармектерди: милдронат, пропофол жана магний сульфаты, ошондой эле 25 миллион 510 миң 700 сомго медициналык кол каптарды сатып алуу үчүн шектүү Дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар департаменти менен рынокко мониторинг жүргүзүү жана бааларды макулдашуусуз, белгиленген тартипти бузуу менен, туунду компаниялар менен мыйзамсыз келишим түзүү жолу менен бир булактан сатып алуу ыкмасы колдонулган. Муну менен бюджетке 11 миллион 723 миң сом зыян келтирилген.

Белгилей кетсек, стерилдүү эмес медициналык кол каптардын бир пакетинин рыноктук чекене баасы 500 сомдон ашпайт, ал эми аларды бир пакетин 1200 сомдон, 5 миллион 356 миң сомго сатып алган. Ошентип, текшерүү мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө жана 40 миллион сомдон ашык зыянды аныктады. Азыркы учурда УКМК тарабынан башка коррупциялык фактыларды, ошондой эле жогоруда аталган схемаларга тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.