«41 жаштагы жаран унаада кыпчылып калган». Караколдо жол кырсыгы катталды (сүрөт)

Караколдо жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Каракол шаарындагы Карасаев менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде Mercedes-Benz Sprinter менен Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Жерине Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаада кыпчылып калган 1980-жылы туулган жаранды шаймандардын жардамы менен чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.