«42 миллион сом зыян келтирген». «Жалал-Абад» санаторийинин мурдагы жетекчиси пара алууга шектелип кармалды

 Кыргызстан профсоюздар федерациясынын алдындагы «Кыргызкурорттуризм» башкармасынын жетекчисинин орун басары А.М. пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдады.

Маалыматка ылайык, 2012-2021-жылдар аралыгында «Жалал-Абад» санаториясында директорлук кызматта иштеп турганда ал ишканадан жеке кызыкчылыгы үчүн акчаларды мыйзамсыз алып чыгуу схемасын уюштурган.

«9 жыл аралыгында санаторийге жалпы 42 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген. Кылмышка шектүү УКМКнын СИЗОсунун убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Иликтөө иштери уланууда», — деп жазылат маалыматта.