4,4 баллды түзгөн жер титирөө катталып, ал Бишкекте сезилди

Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, 22-июнь күнү саат 23:10дө Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Аламүдүн районунун Горная-Маевка, Арашан, Кой-Таш айылдарында 3,5 балл, Бишкек шаарында, Ысык-Ата районунун Кант шаарында, Интернациональное айылында, Аламүдүн районунун Байтик, Чоң-Арык айылдарында 3 баллга чейин сезилген (Бишкек шаарынан 20 чакырым түштүк чыгышта, Кант шаарынан 25 чакырым түштүк батышта, Горная Маевка айылынан 3 чакырым түштүктө, Кой-Таш айылынан 7 чакырым түштүк чыгышта жайгашкан).
Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Тактоо иштери жүрүүдө