47 жаштагы эркек киши Суусамыр суусуна боюн таштап, өз жанын кыйды

47 жаштагы эркек киши Суусамыр суусуна боюн таштап, өз жанын кыйды. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

6-май күнү Жайыл районунун Бишкек-Ош унаа жолунда 1975-жылы туулган эркек киши Суусамыр суусуна секирип, өз өмүрүнө кол салгандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. Кечээ, 7-майда саат 06:00дө 9 куткаруучу тартылып, саат 15:30 чамасында куткаруучулар тарабынан суунун жээгинен эркек кишинин жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди.