5-6-октябрдагы массалык башаламандык фактысы боюнча 5 кылмыш иши ачылган

Өткөн жылдын 5-6-октябрь күндөрү орун алган массалык башаламандык фактысы боюнча кылмыш иштерин Ички иштер министрлиги иликтеп бүтө элек жана бул иштин алкагында фигуранттар бар. Бул тууралуу ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы Сыргак Айткурманов билдирди.

Анын айтымында, жогорудагы окуя боюнча баары 5 кылмыш иши ачылган. “Жабыркагандар аныкталган, күбө катары 3 миңдей адам суралган. Суракка чакырылгандардын арасында саясатчылар, БШКнын мүчөлөрү, ишкерлер, милиция кызматкерлери бар. Фигуранттар бар, бирок тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн алардын ысымдарын айта албайм”, — деди Сыргак Айткурманов.