«5 миң долларымды тоноп кетишти». Акчасын коротуп салган аял жасалма каракчылык уюштурган

Токмок шаарынын жашоочусу өзүнө жасалма каракчылык окуясын уюштурган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 29-декабрь күнү Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө 42 жаштагы аял арыз менен кайрылып, анын жашаган үйүнө беткап тагынган, куралдуу 2 адам кирип, арыз ээсине күч колдонуп, эки колун жип менен байлап, оозун скотч менен ороп, 5 миң долларын алып качып кеткенин билдирген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жана Токмок шаарынын ИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында, жогорудагы каракчылык окуясы жабырлануучу менен мурдагы күйөөсү тарабынан аткарылганы аныкталган. Милиция кызматкерлери тарабынан 42 жаштагы жана 39 жаштагы жаран милиция бөлүмүнө жеткирилип, териштирүү учурунда, алар окуяны алдын ала сүйлөшүп, аткарышканы белгилүү болгон. Себеби чет мамлекетте иштеген күйөөсү жөнөткөн акчаларды өзүнүн керектөөлөрүнө иштетип салып, аны күйөөсүнө айтуудан коркуп, өзүнө карата каракчылык болгонун мурдагы күйөөсү менен аткарышкан. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Жыйынтыгында чечим кабыл алынып, иш сот органдарына жөнөтүлмөкчү.