«500 доллар талап кылган». Ноокат райондук сотунун сот аткаруучусу кармалды (видео)

Ноокат райондук сотунун сот аткаруучусу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

17-октябрда УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) боюнча комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө, мыйзамсыз курулушту бузуу боюнча соттун чечимин аткаруу үчүн жарандан 500 доллар акча каражатын талап кылып, 14 миң сом алып жаткан учурда Ноокат райондук сотунун соттук аткаруучусу кармалган.

Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.