«500 миң сом деп бааланган». Чүйдө жаран уурдалган эки айгырды сатуу учурунда кармалган

Жайыл районунда эки баш жылкы уурдап, аны сатууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

22-февралда Жайыл РИИБге арыз менен жаран кайрылып, ошол эле күнү саат 21:30 чамасында Суусамыр өрөөнүндө жайгашкан мал сарайынын ичинен жалпы баасы 500 миң сомду түзгөн эки баш айгырын уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүп берүүнү суранган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. 1999-жылы туулган жаран уурдаган айгырларды сатууга аракет жасап жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Уурдалган айгырлар кылмыш иши боюнча буюм далили деп табылып, ээсине тил кат аркылуу кайтарылып берилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.