Сокулуктагы 52 жаштагы аялдын өлүмү. Мотоцикл канча ылдамдыкта бараткан?

Бишкек-«Манас» аэропорту унаа жолунда аял кишини сүзгөн мотоцикл саатына болжол менен 130-140 чакырым ылдамдыкта жүрүп бараткан. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Кечээ, 19-сентябрда аталган унаа жолунда 29 жаштагы жигит мотоцикли менен жолдон өтүп бара жаткан 52 жаштагы аял кишини кагып кеткен. Жөө жүргүнчү алган жаракатынан көз жумган. Кийинчерээк мотоциклдин ээси камалып, камакка алынганы маалым болгон.