550 миң доллар пара алууга шектелген БШКнын мурдагы мүчөсү Акылбек Эшимов күнөлүү деп табылды. Бул тууралуу Жогорку Соттон билдиришти.
Ал соттун чечими менен 3 жылга пробациялык көзөмөлгө алынган.
2021-жылы БШКнын мүчөсүнө Башкы прокуратура тарабынан Жазык кодексинин 204-беренеси (Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосундар) боюнча шектүү катары кабарланган. Сот кармалган жаранды тергөө учурунда УКМКнын тергөө абагына камаган. 2022-жылы Биринчи май райондук соту шектүүнү эч жакка чыкпоо шарты менен бошоткон. Кийин ал аталган райондук соттун чечими менен акталган.