550 миң доллар пара алууга шектелген БШКнын мурдагы мүчөсү Акылбек Эшимов күнөлүү деп табылды

550 миң доллар пара алууга шектелген БШКнын мурдагы мүчөсү Акылбек Эшимов күнөлүү деп табылды. Бул тууралуу Жогорку Соттон билдиришти.

Ал соттун чечими менен 3 жылга пробациялык көзөмөлгө алынган.

2021-жылы БШКнын мүчөсүнө Башкы прокуратура тарабынан Жазык кодексинин 204-беренеси (Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосундар) боюнча шектүү катары кабарланган. Сот кармалган жаранды тергөө учурунда УКМКнын тергөө абагына камаган. 2022-жылы Биринчи май райондук соту шектүүнү эч жакка чыкпоо шарты менен бошоткон. Кийин ал аталган райондук соттун чечими менен акталган.