550 миң доллар пара алууга шектелген БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимов акталды

550 миң доллар пара алууга шектелген Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Акылбек Эшимов Биринчи Май райондук сотунун чечими менен акталды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине аталган райондук соттон тастыкташты.

«Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 28-апрелиндеги өкүмү менен Эшимов күнөөлүү эмес деп табылып, анын аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган», — деп айтылат маалыматта. 

11-сентябрда БШКнын мүчөсүнө Башкы прокуратура тарабынан Жазык кодексинин 204-беренеси (Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосундар) боюнча шектүү катары кабарланган. Ал Биринчи Май райондук сотуна жеткирилип, сот кармалган жаранды тергөө учурунда УКМКнын тергөө абагына камаган. Январдын башында Биринчи май райондук соту Эшимовдун баш коргоо чарасын эч жакка чыкпоо шарты менен бошоткон.