«56 айдоочу мас абалында болгон». Бишкекте бир жумада 4078 жолу жол эрежелери бузулган

Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 21-октябрдан 28-октябрга чейин Бишкек шаарынын аймагында бир жуманын ичинде 4078 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Алардын ичинен:

293 авто унаа ар кандай жол эрежелерин бузганы үчүн убактылуу айып короо жайына токтотулган.